Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Айрым шайлоо жайларынын протоколдору кайра каралат


БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай чечим бүгүн саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынды. Анын айтуусунда, саясий партиялар мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасындагы маалыматтар менен саясий партиялардын протоколдорундагы маалыматтар айрым участоктор боюнча дал келбей жатканын билдиришкен. БШК партия өкүлдөрүнө салыштырып көрүүнү сунуш кылды. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, айрым дал келбеген участоктор боюнча протоколдорду салыштырып карап чыгуу тапшырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясына жер-жерлердеги шайлоо бекеттеринен добуш берүүнүн протоколдору келип түшүүсү уланууда, азырынча Бишкектен келе элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG