Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:06

Евробиримдиктин сунушу Иранга жакты


Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтүн дүйнөнүн ири алты өлкөсү менен тактап алууну каалаганын билдирди. Анын алдында Евросоюздун тышкы иштер комиссары Катерин Аштон айым Ирандын ядролук программасы боюнча жаңы сүйлөшүүнү ноябрдын ортосунда өткөрүүнү сунуш кылган.

Евробримдиктин сунушун Брюсселде сапарда жүргөн Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мотаки “жакшы жаңылык” деп атады жана "сиздерге маалым, октябрь же ноябрь Иран менен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия ортосундагы сүйлөшүүнү уланткан Тегеран үчүн ылайыктуу экенин мен жакында билдиргем",-деп кошумчалады.

Иран менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция жана Германия ортосундагы сүйлөшүү былтыр октябрдан бери токтоп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG