Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:32

Швейцарияда дүйнөдөгү эң узун туннель тешилди


15-октябрда Швейцарияда дүйнөдөгү эң узун туннелди тешүү иши аяктады. Альпы тоосун тешип өткөн 57 чакырымдык Готард өткөөлү 2017-жылы пайдаланууга берилет деп мерчемделүүдө. Туннель Түндүк жана Түштүк Чыгыш Европанын темир жол катнашын жакшыртат жана Швейцарияны темир жолдун жалпы европалык тез катнашына кошот. Бүгүнгө чейин 15 жыл мурда башталган туннелдин курулушуна 7, 5 миллиард евро сарпталганы маалымдалды. Анын жүрүшүндө 8 жумушчу курман болду.

Жапондордун Хонсю жана Хоккайдо аралдарын туташтырган Сэйкан туннели 54 чакырымга жакын (50, 85 км). Ал эми Франция менен Британияны бириктирген жана Ламанш кысыгынын астынан өткөн атактуу Евротуннель» 50,4 чакырым узун.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG