Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:50

Исламабад Ооган өкмөтүнүн демилгесин колдоду


Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Кореши жума күнү Брюсселде сүйлөп, “бул негизинен оогандардын демилгеси. Алар демилгени баштагандан кийин аны жетектеш керек. Биз аларга көмөктөшөбүз. Биз Ооганстанда тынчтык туруктуу орношу үчүн сүйлөшүүгө жардамдашабыз. Ооганстандагы тынчтык жана стабилдүүлүк Исламабадга пайдалуу”,-деди.

14-октябрда НАТО жана АКШ жетекчилиги Ооган өкмөтүнүн талиптер менен тынчтык сүйлөшүүсүн өткөргөнүн колдогон.

Ушул эле айда НАТО башындагы күчтөр Ооганстанда кеминде 40 аскерин жоготту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG