Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Украинада аткезчи доктурлар кармалды


Киевде адамдардын органдарын мыйзамсыз алмаштырган жана адам аткезчилиги менен алектенген үч дарыгер кармалды. “Азаттыктын” Украин кызматынын Украинанын Ички иштер министрлигине шилтеп маалымдашынча, доктурлар 1990-жылдары адам аткезчилигин кылган деп шектелүүдө. Алар ошондой эле эл аралык кылмышкерлер тобу менен чогуу мурдакы Советтер Союзунун түштүгүндөгү өлкөлөрдүн бириндеги оорукчан бай кардарларды дени соо адамдардын органдары менен камсыздашкан.
Тергөөчүлөрдүн айтышынча, кардарлар таза бөйрөк үчүн 200 миң долларга чейин төлөшкөн. Айлакер доктурларга алданып, ден соолугуна доо кеткен адамдардын такталган саны 30га чукул болот.

XS
SM
MD
LG