Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Нарында “Ата Журт” партиясына каршы акция өтүп жатат


"Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдиргендей, ушул тапта Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 10 киши нааразычылык билдирип чыгышты. Облустун райондорунан чогулган эл Бишкекти көздөй келе жатат. Алар “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылына кошулууну көздөшүүдө. Акциянын катышуучулары 7-апрелде аянтта окко учкан балдардын өлүмүнө себепкер деп эсептелген Курманбек Бакиевди алып келем деген партиянын парламентке келүүгө моралдык укугу жоктугун билдирип жатышат. Апрель окуясында жакындары окко учкан адамдардын нааразылык акциясы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дайын болгондон кийин эле башталган. “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” жана башка бир катар кыймылдардын мүчөлөрү каршылык акциясын мөөнөтсүз деп жарыялашкан.

Ушул эле күнү Нарында курамына элүү киши кирген Элдик революцияны коргоо кыймылы түзүлдү. Кыймылдын өкүлдөрү 18-октябрдан тарта облуста митинг өткөрүүнү болжолдоп жатышканын, "Ата Журт" партиясын парламентке жолотпоо, партиянын курамындагы кылмыш иштери козголгон кишилерди сот жообуна тартуу талаптары коюларын "Азаттыкка" аталган комитеттин мүчөсү Кенжекан Дүйшөмбиева билдирди.

"Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Тажиев "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө анын партиясы мурдагы президент Курманбек Бакиевди алып келүүнү көздөбөгөнүн айтып, "бакиевчил күчтөр" деген дооматтар менен макул болбогонун белгилеген.
(AzK)

XS
SM
MD
LG