Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Өзбекстанда “Америка добушу” радиосунун кабарчысына айып салынды


“Азаттык” радиосунун Өзбек кызматынын маалыматына караганда, Ташкенттин Мирзо Улукбек райондук соту АКШ каржылаган “Америка добушу” радиосунун штаттан тыш кабарчысын 10 миң доллардай айыпка жыкты. Абдумалик Бобоев жалаа жапканы жана коомдук тартипке коркунуч туудурган материалдарды таратканы үчүн күнөөлүү деп табылды. Тергөө органдарынын журналист Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген айыбын сот алып салды. 41 жаштагы Бобоев журналисттик ишин “каттоодон өтпөй” жүргүзүп жатат деген жүйөө менен былтыр Өзбекстандын Башкы прокуратурасына чакыртылган калемгерлердин бир болчу. Ал Өзбекстандын Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталган. АКШнын Ташкенттеги элчилиги соттун кечээги өкүмүнөн кийин тараткан билдирүүсүндө журналист абакка салынбагандыгын оң баалады, бирок бул иштин Өзбекстандагы сөз эркиндигинин абалына тийгизген терс кесепетине тынчызданып жатканын белгиледи. Журналисттин өзү сотко чейин “Азаттык” радиосуна ага коюлган айыптардын баары негизсиз экендигин айткан.

XS
SM
MD
LG