Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Түркмөнстанда Орусияга газ экспортун күчөтүүчү куур ачылды


Узундугу 200 чакырым келген куур Каракум чөлүндөгү газ кенин көгүлтүр отту Орусияны көздөй агызуучу, совет доорунда төшөлгөн негизги куурдун оозундагы компрессордук станция менен байланыштырат. Мамлекеттик “Түркмөнгаз” компаниясынын билдиргенине караганда, Орусиянын газ импорту быйыл 10 миллиард куб метрди түзөрү күтүлүүдө. Мурда бул көрсөткүч 40 миллиард куб метр болчу. Былтыр Орусия Түркмөнстандан газ импорттоону капыстан токтотуп, газ куурунда апрель айында орун алган жарылуу үчүн эки тарап бири-бирин айыптаган. Мурдагыдан кыйла азайган көлөмдөгү газ агымы быйыл январдан тарта гана калыбына келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG