Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 04:18

Евробиримдик Иран менен сүйлөшүүчү мөөнөттү сунуш кылды


Бул өлкөнүн талаштуу өзөктүк программасы боюнча дүйнө державалары менен Ирандын ортосунда узактан бери токтоп калган сүйлөшүүлөрдү Евробиримдик келерки айда кайра жандандырууну сунуш кылууда. Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон сүйлөшүү үчүн 15-18-ноябрды сунуш кылып, Иран тараптан оң жооп алганын анын өкүлү билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү: АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия менен Ирандын сүйлөшүүлөрү былтыркы жылдын 1-октябрынан бери токтоп калган. Эгер келерки айда жолугушуу өтсө, бул БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкциялардын жаңы айлампасын киргизгенден кийинки алгачкы сүйлөшүү болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG