Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Францияда демонстрациялар кайрадан өтүп жатат


Профсоюздардын ырастоосунда, өлкөнүн 230тай шаар менен шаарчасындагы демонтрациялар менен иш таштоолорго жүз миңдеген адамдардын катышуусу белгиленген. Нааразылык акциясына чыккандар өкмөттүн пенсия системасын реформалоо планына каршылык билдиришүүдө. Реформага ылайык, жарандар пенсияга 60 эмес, 62 жаштан чыгат. Пенсиясын толук өлчөмдө азыркыдай 65тен эмес 67 жаштан тарта ала баштайт. Мыйзамды парламенттин төмөнкү палатасы жактырган, жогорку палата – Сенатта ал келерки шаршембиде колго салынары күтүлүүдө. Демонстрациялар менен иш таштоолорго мунай иштетүүчү заводдор менен отун терминалдарынын жумушчулары да тартылгандыктан Франциянын эң негизги Шарль де Голь аэропортундагы учактар күйүүчү майсыз калабы деген кооптонуулар жаралууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG