Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:10

Эки саясий партиянын жактоочулары менен каршылаштары нааразылык акцияларын өткөрдү


Парламентке кирүү үчүн 5%дык чекти багындырдык деп эсептеген “Бүтүн Кыргыстан” партиясынын жактоочуларынын митинги бүгүн алгач ирет Жалал-Абад шаарында болду. Митингичилер алдында партия лидери Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, ал жана жактоочулары партиянын парламентке киргизилүүсүн талап кылышты. Уюштуруучулардын ырастоосунда, жыйынга бир миңдей, милициянын эсебинде 300дөй, “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын баамында 500дөй адам катышты. Жалал –Абад облусунун Аксы районун акими Кадыркул Өмүрбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул райондо да бүгүн “Бүтүн Кыргызстандын” Аксы менен Ала –Букадан 700дөй жактоочусу жыйналган. Ал эми Ошто, шаардын борбордук аянтында, “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын эсебинде, нааразылык акциясын бүгүн “Бүтүн Кыргызстандын” 50дөй жактоочусу улантты. Бул аралыкта Нарында бүгүн аймактагы кабарчыбыздын билдиргенине караганда, “Ата Журт” партиясынын парламентке киришине каршы он чакты адам облустук акимчилик алдына нааразылык акциясына чыкты. Ушул эле күнү Нарында курамына элүү киши кирген Элдик революцияны коргоо деген кыймыл түзүлгөнү жарыяланды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG