Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:54

БШК добуш берүү протоколдорун салыштырып текшерүү үчүн жумушчу топ түздү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Мындай чечим БШК менен ага даттанып жаткан айрым саясий партия өкүлдөрүнүн кечээги жыйынында кабыл алынган. Ал жумушчу топ 10- октябрдагы шайлоонун саясий партиялардын шек саноосу бар протоколдорун салыштырып текшерет. Бул үчүн партиялар колундагы протоколдордун көчүрмөсүн аны коштогон кат менен кошо БШКга жөнөтүүсү керек. Алар добуш берүү протоколдорунун БШКдагы түп нускасы менен салыштырылат. БШК өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, шайлоонун акыркы жыйынтыгы протоколдордун түп нускасы бүт жыйналып, арыз-даттануулардын баары каралып бүткөндөн кийин гана жарыяланат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG