Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

“Ата-Журт” партиясы кеңири коалиция түзүүгө макул


"Ата-Журт" партиясы парламентке өткөн бардык партиялар менен кеңири коалицияга барууга макул экенин анын лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал өзүнүн партиялашы Мыктыбек Абдылдаев Москвага жеке сапары менен гана барганын билдирип, “Ата-Журт” партиясынын бардык чечимерине сырткы күчтөрдүн байланышы жок экенин белгиледи.

Буга чейин парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен төрт партиянын лидери Москвага коалициялык биригүү үчүн сүйлөшүүлөргө чакыртылганы кабарланган. Коомчулук өкүлдөрү муну өлкөнүн эгемендигине шек келтире турган жорук катары айыптап чыгышты. Москвадагы кеңешменин мазмуну сыр катары сакталганы менен, бейрасмий булактар Кремль аталган партиялардын коалицияга биригүү ишине ачык кийлигишип жаткандыгын айтып жатышат.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG