Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

Эртең Нарында “Ата-Журт” партиясына каршы акция башталат


Саат ондо акциянын катышуучулары Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулганы жатышат. Андан соң алар Бишкекке келип, “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдарына кошулууга ниеттенишүүдө. Нарындан бир машина чогулган киши кечээ Бишкекти көздөй жөнөп кетишкен. Ушул тапта облуста курамы 50 кишиден турган революцияны коргоо комитети түзүлдү.

Алар "Ата-Журт" партиясын парламентке жолотпоо, партиянын курамындагы кылмыш иштери козголгон кишилерди сот жообуна тартуу талаптарын коюшууда. Акциянын катышуучулары апрель айында көп адамдардын өлүмүнө себепкер Курманбек Бакиевди алып келем деген “Ата-Журт” партиясынын парламентке кирүүгө моралдык укугу жоктугун белгилеп жатышат.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү ниети жоктугун, аны Кыргызстанга жоопко тартуу максаты менен гана алып келүү маселеси болушу мүмкүндүгүн белгиледи. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG