Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Иран америкалык ишкерди абактан бошотту


Жетимиш бир жаштагы Реза Тагхави Тегерандын абагында акыркы эки жылдан бери олтурган. Иран бийликтери аны өлкөдөгү оппозициячыл топтордун бирине тишеси бар деген шек менен камакка алышкан болчу. Атап айткан Тондар деп аталган оппозициячыл топко байланышы бар адамга 200 доллар берген деп айыпташкан. Ишкердин өзү болсо акчаны ал муктаж деп эсептеген адамга белек иретинде бергенин айткан. Абактан чыккан ишкердин адвокаты Пьер Проспердин билдиргенине караганда, анын кардары эч нерсени мойнуна алган жок. Мурдагыдай эле өзүн күнөөсүз деп эсептөөдө. АКШга келерки аптада келери күтүлүп жатат. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Реза Тагхавинин абактан чыгарылышын кубаттады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG