Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Апта окуясы: Шайлоо. Талаш. Орусия долбоору


"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов 22-сентябрда Россия президенти Дмитрий Медведев менен Москвада жолугушкан.
"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов 22-сентябрда Россия президенти Дмитрий Медведев менен Москвада жолугушкан.

Бул аптада шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыгып, Орусиячыл “Ар-Намыс”, “Ата-Журт”, “Республика” партиялары беш пайыздык чектен ишенимдүү өтүштү.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары мындай болорун көпчүлүк күткөн эмес эле. Азырынча беш пайыздык чектен өткөндөрдүн башында “Ата-Журт” партиясы турат. Андан кийин Социал-демократтар, “Ар-Намыс”, “Республика” жана эң акыркы болуп “Ата Мекен” партиясы тосмодон өттү.

Негизги тизме боюнча беш пайыздык тосмодон өтүү үчүн 142 миңге чукул добуш топтоо керектиги айтылган. Бирок кошумча тизмедегилердин саны жарыялангандан кийин бул чек автоматтык түрдө 150 миңге чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча тизме боюнча 200 миңдей адам добуш бергенин билдирген.

Мындай жагдай 145 миңден ашуун добуш топтогон “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын нааразычылыгын жаратып, тосмодон өткөнүн айтып чырдаган партия жер-жерлерде нааразычылык акцияларын өткөрүүдө. Азырынча БШК кошумча тизмеден кийинки соңку жыйынтыктарды чыгара элек.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун айтымында, кошумча тизмедегилердин саны 200 миң болуп кетиши такыр мүмкүн эмес эле. Андыктан муну ачык бут тосуу катары бааласа болот.

Ал эми БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстандагы шайлоого жарамдуу адамдардын саны 3,5 миллион адамды түзөт. Андыктан негизги тизмедеги 2 миллион 850 миң адамдын 3 миллионго жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш:
Ж.Акматов

- “Бүтүн Кыргызстандын” төрагасы Мадумаров мырза биздеги жолугушууда айтып атат, “Эгерде шайлоочулар 3 миллион болсо, анда эмне жарандарыбыздын саны 6 миллионго чыгып кетеби?” деп сурап атат. Жооп берип коёлу. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда бизде 18 жаштан өйдөкүлөрдүн саны 3,5 миллионго жеткен экен. Демек бизде дагы эсепке алынбаган 490 миңден ашык жараныбыз болуп атат. Бизде азыр негизги тизме менен кошумча тизмени алганда, жалпы 3 миллион 4 миң 361 шайлоочу болуп атат. Бизде жана айткандай 18 жаштан ашкан 3,5 миллион киши болсо, 490 миңден ашуун киши эч бир жерде тизмеде катталбаптыр. Бул жагынан алганда жергиликтүү бийликтердин иштей турган иштери көп.

10-октябрдагы парламенттик шайлоого негизинен жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар да оң баа берип, мурдагыдай ачык административдик ресурстар колдонулбаганын билдиришти. Шайлоого миңдей эл аралык байкоочу көз салып турду. Ага жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын жана партиялардын миңдеген байкоочулары кошулду.

Жогорку Кеңеш - Кремлдин куурчагына айланабы?

Кыргызстандагы бул жолку шайлоодо Москва жеңди. “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирип, эми коалиция түзүү маселеси да Кремлдин көрсөтмөсү боюнча чечилерин айтты.

Айткандай эле 14-октябрда “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев, “Ар-Намыстын” лидери Феликс Кулов жана “Республиканын” жетекчиси Өмүрбек Бабанов Москвага жөнөп кетишти. Алардын аркасынан Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев да Москвага сапар тартты. Курамында батышка ыктаган саясатчылар көп жана парламенттик системаны алып келген “Ата Мекен” партиясы булардан сыртта калды.

Алдыга чыккан партиялардын мындай аракетин жүгүнүүчүлүк катары баалагандар, кадимкидей көрүнүш катары карагандар да бар. Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун пикиринде, коалиция түзө албай Москвага чуркап баргандар эгемендүүлүктүн баасын билбей атышат:
О.Ибраимов

- Бул орусча айтканда позор. Уят да. Ушу кантип болсун. Баары жабылып Кремлге барып сурайт экен да, “Эмне кылалы? Акелер кайда жылалы? Эмне чечим кылалы? Кимибизди көтөрөлү?” деп. Ээ кокуй ушу кантип болсун. Эй буларда ар же намыс деген барбы анча-мынча. Жок дегенде Москва менен телефондон деле сүйлөшүп алышпайбы өлүп баратышса да. Бизди өзүбүз эле эмес бүт дүйнө карап турат, “Бу кыргыздар эми эмне кылат экен? Кандай жашайт экен?” деп. Эми ушундан кийин башкалар эмне дейт. Бу жанагы депутаттык мандат үчүн Кыргызстандын абийирин, ар-намысын сатып аткандар да булар. Ушундай деңгээлге жетип калдыкпы эй. Биздин канча киши азап тартып, шаарлар талкаланып, миңдеген кишилер кырылгандан кийинки жетишкендигибиз ушубу..? Ушунчалык деңгээлге алып барган биздин саткын саясатчылар үчүн ичим күйүп, кызарып отурам.

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаковдун айтымында, Кыргызстандын саясатын Москва аныктай турган болсо, өлкө эл аралык коомчулук алдында начар баага арзыйт:

- Биздин лидерлер бул жакта өздөрү сөз таба албай, Москвага барып аларды ортомчу кылып саясатты чече турган болсо, анда бул бизге кадыр-барк алып келбейт. Москванын айтканын жасаган өкмөт деген имидж калат эл аралык аренада. Бул көрүнүш - биздин өлкөнүн азыркы саясий келечегин аныктап чечүү, алардын биздин иштерге түздөн-түз кийлигишүүсү дегенди билдирет.




Ал эми Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовдун айтуусунда, Орусия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого катуу кийлигишти. Демек коалициянын түзүлүшүн да аныктайт:

- Орусия өздөрү чакырып, биздеги саясатка кийлигишкенге аракет кылып атышат. Эми алардын деле ага моралдык укугу бар. Эмне дегенде мобу шайлоолордо алардан каржылоо болгон. Ал деле жашыруун эмес, “Ар-Намыс” менен “Республиканы” каржылашкан.
Бул жерде азыр эки маселе болуп атат. Эмки жылы коалициянын атынан президенттик шайлоого ким барат? Кимди чыгарышат? Ал дагы соодалаша турган чоң жумуш болуп атпайбы. Негизинен азыр ушул эки маселени эле чечишет. Ким премьер болот жана эмки жылы президенттик шайлоодо кимди колдойбуз деген маселелерди...


Эми Орусияга кеткен партия башчылары келип эле коалиция түзүшкөнүн жарыялап калуулары ыктымал. Мурда болжонгондой, Кремлдин көрсөтмөсү боюнча күчтүү президенттик башкарууну алып келүүнү убада кылышкан “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата-Журт” партиялары коалиция түзүүлөрү мүмкүн. “Бакиевдерди алып келебиз дегендер менен бирикпейм” деген Ө.Бабановду Кремль бурап коюусу ыктымал. Ошентсе да Москвада жүргөн КСДП лидери катышкан оюн жүрүп кетүүсүн да болжосо болот.

Тажрыйбасы бай “Ата Мекен” кечээки партиялардан кантип жеңилди?

Шайлоо алдында орусиячыл партияларды колдоп, “Ата Мекен” партиясын төө бастыга алган Кремль саясаты Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүчүлүк катары да бааланууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Равшан Жээнбековдун пикиринде, Москванын планы боюнча “Ата Мекен” партиясын толук алсыратуу керек болгон. Алардын бул планы жарым-жартылай ишке ашты:
Р.Жээнбеков

- Азыркы шайлоо мурдагыга караганда бир топ таза өттү. Бирок ушул шайлоодо тышкы күчтөрдүн, тышкы каржы булактарынын жана тышкы маалымат каражаттардын биздин шайлоого кийлигишүүсү абдан чоң болду. Бул биздин шайлоочуларга кандайдыр бир деңгээлде таасирин берди. Ошонун артынан биздин оюбузча, “Ата Мекен” партиясы ойдогудай ийгиликке жетише алган жокпуз. Тилекке каршы Кыргызстан кичинекей, кедей мамлекет болгондон кийин биздин өзүбүздүн ресурстар чектелген. Биз Орусиянын, Казакстандын маалымат каражаттарына өз күчүбүз менен каршы туруш аябагандай кыйын иш. Ошондуктан биз бир топ кыйынчылыктар болорун түшүндүк. Өз максатыбыздан тайган жокпуз, алга карай жыла бердик. Чынын айтыш керек, аларга каршы турганга күчүбүз жеткен жок.

Бир чети Өмүрбек Текебаев башында турган бул партиянын бешинчи болуп марага келгени – парламенттик шайлоонун таза, административдик ресурстарды колдонуусуз өткөнүнөн кабар бергендей. Экинчи жагынан, “Бийлик бир колго топтолбошу керек” деп демократиялык багытты колдогон партиянын жеңилип, күчтүү президенттик башкарууну алып келебиз дегендердин алдыга чыгышы таң калтырды. “Эки жолу авторитардык бийликти кулаткан кыргызстандыктар бийликтин бир колго топтолушун каалабайт” деген сыяктуу ишенимдер талкаланып, күчтүү президенттик башкарууну каалагандардын саны абдан көп экени ырасталгандай болду.

Ошентсе да шайлоочулар башкаруунун түрү, формасына жана өлкөнүн багытына эмес, башка критерийлерге таянып добуш беришти деген баа берүү көңүл бурууга арзыйт.

Биринчиден, бул жолку шайлоого 29 партия катышып, добуштардын көбү ошол партиялар арасында бөлүнүп калды. Ар бир тың чыкма партиядагы лидерлер өз урук-тууганын, уруусун тартып кетти.

Экинчиден, июндагы коогалаң шайлоо оюндарын 180 градуска өзгөртүп, Камчыбек Ташиев башындагы “Ата-Журт” партиясы элдин улуттук сезимдерине ойноо аркылуу кыска убакытта зор абройго ээ болду. Бул партияда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чоң кызматта отургандар, мурдагы “акжолчулар” көп экенине карабай эң көп добуш топтой алышты. К.Ташиевдин К.Бакиевди алып келери тууралуу жана түндүк-түштүк маселесин козгогон аудио-видеолору интернетке чыгып кеткенине карабай алдыга чыкты.

Үчүнчүдөн, күчтүү президенттик башкарууну кайтарып, Орусия менен бирге болорун айткан “Ар-Намыс” партиясын Кремль катуу колдоп, куурчак маалымат каражаттары аркылуу “Ата Мекен” партиясын, андан соң КСДПны да шыбап-шыбап алды. Ө.Текебаевге окшош делген адамдын адепке жатпаган кылыктары Орусиянын ири теле каналдары аркылуу көрсөтүлүп, Кремль “Ата Мекенге” курсактан ылдый сокку урду.

“Республика” партиясынын лидери да ырасмий Москванын колдоосун алып, Орусия менен бирге болуу керектигин кыйкырып чыкты. КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев Орусия премьер-министри Владимир Путин менен жолугушканы менен, анын барган сайын Кыргызстанда таасири артып бараткан НАТОнун мүчөсү Түркияга жакындыгы Кремль төбөлдөрүн чочулатты окшойт.

Төртүнчүдөн, “Ата Мекен” партиясы 18 жылдык тажрыйбасына, эл арасындагы зор аброюна ишенип, “Ата-Журт”, “Республика” партияларычылап жан үрөп үгүт жүргүзбөй, шайлана электе эле манчыркап калгандай элес калтырды.

Ошентип, тизмесиндеги атактуулар саны боюнча да мыкты делген “Ата Мекен” партиясы кечээ эле түзүлгөн “Бүтүн Кыргызстандын” деңгээлине түшүп, ошондой эле партия болгон “Республиканын” чаңында калды.

Батыш менен АКШнын Кыргызстандагы шайлоого мамилеси

27-июнда өткөн жалпы элдик референдумду АКШ, бүтүндөй Европа өлкөлөрү катуу кубаттап, Кыргызстан чындап демократиялык жолго түшкөнүн куттуктаган каттар жааган. Бир гана Орусия төбөлдөрү Кыргызстандын жаңы багытын сынга алып, маалыматтык чабуулун башташкан болчу. Айрыкча бул шайлоо алдында даана билинди.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, Кыргызстандагы парламентаризмди колдогон ошол батыш өлкөлөрү менен АКШ 10-октябрдагы парламенттик шайлоого кийлигишпей койду. Эгер бул күчтөр батышка ыктаган партияларды Орусия “Ар-Намысты” колдогон сыяктуу ачык сүрөөнгө алганда көрсөткүчтөр такыр башкача болмок.

Жаңы парламент жаңы багытты жокко чыгарабы?

Эгер шайлоонун соңку жыйынтыктарынан кийин да ушундай абал сакталса, парламентте беш партия болот. Анда “Ата-Журт” 28, КСДП 26, “Ар-Намыс” менен “Республика” 24, ал эми “Ата Мекен” 19 мандат алышы мүмкүн. Кокус буларга “Бүтүн Кыргызстан” да кошулуп кала турган болсо, жогорудагы ар бир партиядан эки-үчтөн мандат өөнөп калат дагы, 12-13 мандат алып калышы ыктымал. Анда эле тараза ташы - күчтүү президенттик башкарууну колдогон орусиячыл партияларга биротоло ооп, “Ата Мекен” жана КСДП четте калышын болжосо болот. Бирок бул партияларга “Республика” же “Ата-Журт” партиялары кошулуп кетүү ыктымалдуулугу дале кала берүүдө.

Ал арада ашынган орусиячыл делген “Ар-Намыс” партиясынын лидерлери эмитен эле баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу ойлорун билдире башташты. Алардын ишениминде, Кыргызстанга парламенттик система туура келбейт. Аталган партиянын төбөлдөрү өлкөдө тартип болушу үчүн күчтүү президент болушу керектигин, парламентке келген соң партия баш мыйзамды кайра өзгөртүү боюнча аракеттер болорун кыйытышууда.

Ошентсе да мындан ары баш мыйзамды оңой-олтоң эле бирөө жарым өзгөртө албайт. Мунун эрежеси 27-июнда кабыл алынган баш мыйзамда татаалдаштырылган. Анын үстүнө парламентте кимиси оппозиция болсо да абдан күчтүү атаандаш болот, жана мындай олуттуу маселе шыдыр өтпөсү бышык.

XS
SM
MD
LG