Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр азырынча расмий баштала элек


Бул туурасында “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында Конституцияга ылайык парламент ишке киргенден кийин президент парламентке өткөн партиялардын бирине өкмөт түзүү сунушу менен кайрылат. Ал кайсы партия болот, аны президент өзү чечет. Азыр Кыргызстанда парламент ишке кирише элек. Депутаттар так эмес. Шайлоонун жыйынтыгы расмий чыга элек.

“Президент партиялардын өкүлдөрүн шайлоонун жыйынтыгы менен куттуктап, коалициялык сүйлөшүүлөрдү баштагыла деп партияларды жыйнай албай жатат. Алар Москвада болуп жатышат. Бул одоно көрүнүш,”- деди Өмүрбек Текебаев.

Ушул тапта Москвада болуп кайткан төрт партиянын өкүлдөрү Кремль менен сүйлөшүүлөр болуп-болбогонун, кандай пикирге келгенин ачыкка чыгарбай жатышат.

Буга чейин бейрасмий булактар Кремль аталган партиялардын коалицияга биригүү ишине ачык кийлигишип жаткандыгын айтып жатышкан.

Коомчулук өкүлдөрү муну өлкөнүн эгемендигине шек келтире турган жорук катары айыптап чыгышкан. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG