Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Иран президенти Батыш менен жаңы сүйлөшүүлөрдү колдоду


Махмуд Ахмадинежад бүгүн Ардебил шаарындагы митингде чыгып сүйлөгөн учурунда дүйнөнүн ири державаларынын Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдөн башка аргасы жоктугун айтты. Муну менен ал 2009 –жылдын октябрынан бери токтоп калган сүйлөшүүлөр кайра жанданарын ишара кылды:

-Силер сүйлөшүүнү каалайбыз деп айткансыңар. Абдан жакшы. Сүйлөшүүлөр адилеттүүлүккө жана сый -урматка негизделүүсү керек.

Иран президентинин жогорудагы сөздөрү теледен берилди. Мунун алдында Европа Биримдиги БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Франция, Орусия жана Германия менен Ирандын сүйлөшүүлөрүн 15-18- ноябрда өткөрүүнү сунуш кылган. Иран уран байытууну токтотуудан баш тартканы үчүн быйыл жыл башында БУУнун Коопсуздук кеңеши ага каршы санкциялардын жаңы айлампасын киргизген болчу.

Батыш Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп тынчызданса, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG