Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

ФИФА эки мүчөсү добушун сатуу үчүн акча сураган деген маалыматты иликтейт


Футбол боюнча дүйнөнүн башкы уюмунун эки мүчөсү келечектеги дүйнө чемпионаттарынын конок ээсин аныктоо учурунда кайсыл бир өлкөнүн арызына колдоо көргөзүүсү үчүн пара төлөөнү сунуш кылган деген маалымат британиялык “Sunday Times” гезитинде жарыяланган эле. Бул басылманын ырастоосунда караганда, АКШнын кызыкчылыгы үчүн иштеген лоббисттер ФИФАнын нигериялык мүчөсү менен анын ( Амос Адаму) добушун 800 миң долларга макулдашкан. 2018 жана 2022 -жылкы дүйнө чемпионаттарынын конок ээлерин ФИФА 2– декабрдагы жыйынында аныктайт. 2018-жылкы чемпионат үчүн Англия, Орусия, ошондой эле Испания – Португалия, Бельгия –Нидерландия биргелешип талаптанууда. 2022 –жыл үчүн болсо АКШ, Жапония, Түштүк Корея, Австралия атаандашып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG