Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

Нарында “Ата Журт” партиясына каршы иш чара болот


Бул үчүн атайын 50 кишиден турган “Революцияны коргоо” комитети түзүлдү. Аталган комитет облустук мамлекеттик администрациянын алдында “Ата Журт” партиясынын парламентке келишине каршы башталган мөөнөтсүз акциясын улантмакчы.

“Ата Журт” партиясы 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 267 175 шайлоочунун добушун алып, 1-орунга чыккан. Айрым маалымат каражаттары партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевди кайра өлкөгө алып келем деди деген маалыматтарды жарыялап жиберген соң, партияга каршы нааразылыктар күчөгөн. Камчыбек Ташиев Бакиевди өлкөгө жоопко тартуу үчүн алып келерин айткандыгын “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG