Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Бүгүн Бишкекте “Бүтүн Кыргызстандын” жактоочулары митингге чогулат


Алар БШКдан партиянын 5% добушка ээ болгонун таануусун жана парламентке коё берүүсүн талап кылышмакчы. Нааразылык иш-чарасы БШК имаратынын алдында өтөрүн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын башкы штабынан “Азаттыкка” маалымдашты.
Ушул эле күнү партиянын Оштогу жактоочулары “Бүтүн Кыргызстандын” парламентке өткөрүү талабы менен пикетке чыгышат. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Замирбек Божонов “Азаттыкка” билдирди.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоодо БШКнын мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча 145 461 добушка ээ болгон.

БШКнын шайлоого чейин берген маалыматы боюнча, жалпы 2 млн. 836 567 шайлоочунун 5% добушун алуу үчүн партиялар 141 828 добуш алууга жетишүүсү керек болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодон кийин негизги жана кошумча тизме деген түшүнүктөр бар экендигин, беш пайыздык тосмодон ошол эки тизмени кошкондон кийин гана жетиштүү добуш топтогон партиялар өтөөрүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добуштары ошол тосмого жетпей атканын айтып чыкты. Учурда БШК негизги тизме боюнча жыйынтыктарды жарыялаганы менен кошумча тизмеден кийинки акыркы жыйынтыгын чыгара элек.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG