Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

“Бүтүн Кыргызстан” парламент алдында митинг өткөрүүдө


“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Жогорку Кеңештин астында 500 ашуун адам катышкан нааразылык акциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу окуя болуп аткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдирет. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын кетишин талап кылып, алардын парламентке келүүсүнө бут тосуулар болуп атканын билдиришүүдө. Чогулгандардын алдында мурдагы Адилет министри, аталган партиянын жетекчилеринин бири Марат Кайыпов сүйлөөдө. Тарапкерлеринин алдына партия төрагасы Адахан Мадумаровдун чыгары күтүлүүдө.

Мындай нааразылык акциялары Ош жана Баткен шаарларында да өтүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 20, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 20 чакты адам турат. Ош шаарында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын беш тарапкери шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде мөөнөтсүз ачкачылык акциясын жарыялашты. Алар “Бүтүн Кыргызстан” партиясы беш пайыздык чектен өттү деп таанылмайынча акцияны токтотпой турганын айтышууда.(IJz)

XS
SM
MD
LG