Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

ЕККУну Тажикстанда ММКларды куугунтуктоо тынчсыздандырды


Тажикстандагы акыркы кездеги сөз эркиндигин чектөөлөргө жана көз карандысыз маалымат каражаттарына кысымдын күчөшүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун Медиа эркиндиги боюнча өкүлчүлүгүн камтама кылууда. Бул жөнүндө ЕККУнун өкүлү Дунья Мижатович айым Тажикстандын Тышы иштер министрине жолдогон катында билдирди. Катта 29-сентябрдан тартып, бир нече жергиликтүү жана чет элдик сайттар Тажикстанда ачылбай жатканына тынчсыздануу айтылат. Жарыша эле салыкчылар көз карандысыз басылмаларды жана басмаканаларды текшерүүгө алганы, андан кийин басмаканалар бейөкмөттүк гезиттерди басуудан баш тартышканы ЕККУнун катында белгиленет.

XS
SM
MD
LG