Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

“Ата Журт” президентке жана БШК төрагасына кайрылды


Шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары боюнча биринчи болуп марага келген “Ата Журт” партиясы президент Роза Отунбаевага жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариевге ачык кайрылуу жолдошту. Кайрылууда айтылгандай, шайлоодон кийин сегиз күн бою уланып келаткан түшүнүксүз абал кырдаалды улам барган сайын чыңалтууда. Ал эми кошумча тизмедегилердин саны 200 миң болуп кеткени шектенүүнү жаратууда.

Ошондой эле кайрылууда жеңилген партиялар каршы митингдерди уюштуруп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга аракет кылышары ыктымал экени айтылган. Буга байланыштуу партия бардык кызыкдар тараптарды чогултуп, тегерек үстөл талкуу кылууну сунуштоодо. Ага президент Роза Отунбаева, БШК төрагасы Акылбек Сариев катышуусу керектиги, байкоочу катары ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Жаныбек Карибжановду, Орусиянын президентинин атайын өкүлү Владимир Рушайлону жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллерди чакырса болору баса белгиленген. “Ата Журт” партиясы түзүлгөн кыйын кырдаалдан ушундай маанайдагы сүйлөшүү аркылуу чыгууну сунуштоодо. (IJz)

XS
SM
MD
LG