Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Эмчек рагынан эрте билгендер гана кутулат


Кыргызстанда рак ооруларынын ичинен аялдардын эмчек рагына чалдыккандардын саны өсүп келет. Жыл сайын 500 аял бул илдетке кабылганы аныкталат.

Борборубуздагы Улуттук онкологиялык борбордун алдындагы маммологиялык борбордо ушул тапта эмчек рагына чалдыккан 30 аял дарыланып жатат. Жыл сайын бул жерде 400дөн ашык аялга ушундай диагноз коюлат. 58 жаштагы Арзыгүл айым дагы бир жыл мурун бул жаман илдетке кабылганы аныкталып, операциялык жол менен бир эмчегин алдырган. Ал ооруга чалдыкканын дароо билген эмес. Качан гана төшү ооруксунуп, тынчын ала баштаганда гана ал ооруканага кайрылган. Бирок тийиштүү адистерге жетип көрүнгүчө эле убакыт өтүп, оорусу өтүшүп кеткен.

-Мен диагностикалык борборлордо болдум. Операция дешти. Ишенбей ар кайсы дарыгерге барып, тааныш досторумдун баарынан сураштырып жүрдүм. Анан мен маммологдорго кайрылганда кечирээк болуп калыптыр. Жок дегенде эки жыл же беш жыл мурунураак кайрылганда эмчегим кесилбейт эле. Эми аялдын көркү эмне, түшүнүктүү да. Айыктым, бирок ичиң күйүп калат экен,-дейт Арзыгүл.

Бул айым илдетке кабылышынын себебин жеке турмушундагы кыйчалыш мезгилдерге байланыштырат. Турмуштун ар кандай сыноосунун кесепетинен стресске кабылган учурлар сөзсүз бир жыйынтыгын берет экен дейт ал:

-Мен төрт балам менен ажыраштым. Жолдошума абдан таарындым. Ошондо катуу стресс абалында жүрдүм. Ушул нерсе ооруну күчөтүп жиберди го дейм. Анан диагнозду биринчи укканда аябай оор болду. Эч кимге айта албай, өз кайгым менен өзүм жалгыз алпурушуп калдым. Акыры чыгат экен. Чыдабай улуу кызыма айттым. Экөөбүз үйгө келип алып ыйладык. Кичине балдарымдын көзүнчө башым ооруп жатат деп коем, а ичимден күйүп бышып жаттым.

Арзыгүл айым операция менен бир жолку дарылоо курсуна 50 миң сом каражат короткон. Эми ал ай сайын профилактика иретинде 200 долларлык дарыларды ичип турушу керек. Бирок каражаттын тартыштыгынан анын дарыны сатып алууга шарты жок. Бул жаатта иш алпарган “Эргэнэ” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекованын айтымында, онкологиялык оорулар боюнча Кыргызстанда ооруларга жардам берчү мыйзам деле бар. Бирок ал иштебейт. Баары эле айланып келип каражат маселесине такалат дейт ал:

-Акча жок. Каражат болот-болбойт. Кыргызстандын абалын көрүп жатасыңар дешет. Вакциналарды алыш керек дешет. Мына ушундай эле түшүндүрүүлөр болуп келе жатат. Биз анте берсек оору күчөй берет, биз жакындарыбызды жогото беребиз. Аялдарыбыз гүлдөп турган куракта жок болуп кетип жатышат. Бул системага такыр каражат бөлүнбөй келет. Бирок акча бар жана буга анча көп деле каражат талап кылынбайт. Мүмкүн бардык программаны каржылоо үчүн бир миллион доллар каражат керектир. Бирок бул каражат менен канча өмүр, канча үй-бүлөнү сактап калат элек.

Эмчек рагына кабылуунун себептери ар түрдүү. Ага көпчүлүк учурда адамдын өзүнүн турмуш шарты таасир этиши мүмкүн. Кээде оору эч бир себеби билинбей туруп эле пайда болушу ыктымал. Азыр Кыргызстанда жыл сайын 500 аял бул илдет менен катталса, анын дээрлик жарымы өтө өтүшүп кеткен акыркы стадиясында келет. Бул учурда рак түйүлдүгү операциялык жол менен алынып салынат. Бирок көпкө өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү чектелип калышы ыктымал. Ушул тапта республикада эмчек рагын аныктоочу беш гана маммограф аппараты бар. Алар дагы эскилиги жетип, айрымдары бузук. Өлкөдө жок дегенде ар бир облуста бирден заманбап маммограф болушу керек.

- Азыр жаңы санариптик маммографтар пайда болду. Эгер ушундай аппаратты алса, анда мисалы облустагы ооруканда болгону бир бөлмө жана бир ренген-лаборанттын болушу жетиштүү. Ал ооруну тартып, маалыматты биздин Маммологиялык борборго интернет менен жөнөтсө, биз аны карап ошого жараша аракет кылабыз. Бул аппараттын баасы 300 миң доллар турат. Андан жөнөкөй ренгендик маммографтар деле бар. Бирок аларды иштетүү үчүн жер-жерлерде ренген-лаборант, анан кошумча адис врач керек. Буга да кошумча каражат кетет. Баарынан жакшысы бизге санариптик маммографтарды алып алганыбыз жакшы болор эле,-деп белгилейт Бишкектеги Маммологиялык борбордун жетекчиси Дамир Абдылдаев.

Эмчек рагы бир күндө эле пайда болуп калчу илдет эмес. Ал көп убакыт бою билинбей өөрчүп жетилет. Ошондуктан биринчи кезекте аял киши өзү ден соолугуна убагында көңүл буруп, өзүнө сак болсо оорунун алдын алууга болот.

-Ар бир аял үй шартында эле өзүнүн төшүн кармап көрүп текшерип, туура мамиле кылса же жыл сайын маммографиядан өтүп турса, эрте табылган оорудан 95 пайыз таза сакайып кетсе болот. Негизи аялдар кырктан ашканда жыл сайын ушундай текшерүүлөрдөн өтүп турушу керек. Рак түйүлдүгү кичинекей кезинде кармап калат элек да,-дейт Таалайгүл Сабырбекова.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын эмчек рагынан дүйнө жүзү боюнча 548 миң аял каза табат. Быйыл октябрь айы дүйнөлүк эмчек рагы менен күрөшүү айы деп жарыяланды Кыргызстанда да бул айдын алкагында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Эртең Бишкектеги маммологиялык борбордо ачык эшик иш-чарасы өткөрүлөт. Анда каалоочулар барып, бекер текшерүүдөн өтө алышат. Мындан тышкары бир ай бою калк ичинде эмчек рагы боюнча маалыматты таратуу максатында бир катар конференциялар уюштурулмакчы.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG