Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Францияда пенсия реформасына каршы акция күч алууда


Францияда президент Николя Саркозинин пенсияны реформалоо планына каршы жалпы улуттук каршылык күчөөдө. Эртең 19-октябрда Париждин Орли аэропортунан учактардын теңи, башка шаарлардагы аэропорттордон учактардын 30 проценти учпасын Франциянын аба жолдор кызматы маалымдады.

Мунай иштетүүчү 12 ишкананын бир апта созулган иш таштоосу жана аларды камоого алуу жүздөгөн май куйуучу жайларды какшытты. Жалпы улуттук саясый жөрөлгөгө байланыштуу темир жол каттамдарынын жарымы иштеп, жүк ташуучу машинелер кан жолдордо жай жүрүүдө. Жүк ташуучулар федерациясынын мүчөсү Тьерри Кордье акция күч алып баратканын Ройтерс агенттигине айтты.

Франциянын Сенаты пенсия реформасы боюнча мыйзам долбоорун шаршемби күнү колго салат. Реформада 2018-жылдан тарта пенсия жашын 60тан 62 жашка көтөрүү сунуш кылынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG