Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Франция менен Германия Лиссабон келишимин өзгөртүш керек дешет


Франциянын президенти Николя Саркози менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинде бюджетиндеги дефицит белгиленген чектен ашып кеткендерди жазалоонун күчтүүрөөк механизмдерин иштеп чыгыш керек дешти. Бул үчүн алар Евробиримдиктин ишинин негизги принциптерин камтыган Лиссабон келишимин өзгөртүүнү сунуш кылышууда. Алар билдирүүнү кечээ кечинде Францияда орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуунун алдынан жасашты. Үч лидердин негизги сүйлөшүүлөрү бүгүн өтмөкчү. Франция да, Германия да Орусияны Европага жакын болууга чакырышат дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG