Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Анжелина Жолиге Сараеводо фильм тартканга уруксат беришти


Буга чейин жергиликтүү бийликтер ага тыйуу салышкан эле. Бирок маданият министрлиги сценарий менен таанышкандан кийин, кайра уруксат беришти. Голливуд актрисасы А.Жолинин босниялык продюсеринин айтымында, алар тасмага ноябрда киришмекчи. Тартыла турган тасмада Жоли 1990-жылдардагы согуш учурунда зордукталган босниялык аялдын ролун аткарат дешет. Ал өзүн зордуктаган серб аскерин сүйүп калаары айтылган. Боснияда согуш учурунда зордукталган аялдардын ассоциациясы буга жини келип, нааразылык билдиришкен болчу.

XS
SM
MD
LG