Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

“Бүтүн Кыргызстандын” акциясы БШКнын чечимине жараша болот


Бул тууралуу партиянын саясий кеңеш мүчөсү Марат Кайыпов “Азаттыкка” билдирди. Кечээ БШКга парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу үчүн партиянын жактоочулары бүгүн саат 14:00гө чейин убакыт беришкен. Айрым маалыматтар боюнча бүгүнкү нааразылык акциясына “Бүтүн Кыргызстанды” колдогон “Ата Журт” партиясы да кошулмакчы. Ушундай эле талап менен нааразылык акциялары Ош облусунда да жүрүп жатат, кечээ Ош шаарында “Бүтүн Кыргызстандын” беш шайлоочусу ачкачылык акциясын жарыялаган. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын парламентке өткөрүүнү талап кылган жактоочулары нааразылык иш чарасын Бишкекте кечээ башташкан, ага болжол менен миңдин айланасында киши чогулган.

БШКнын шайлоого чейин берген маалыматы боюнча, жалпы 2 млн. 836 567 шайлоочунун 5% добушун алуу үчүн партиялар 141 828 добуш алууга жетишүүсү керек болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодон кийин негизги жана кошумча тизме деген түшүнүктөр бар экендигин, беш пайыздык тосмодон ошол эки тизмени кошкондон кийин гана жетиштүү добуш топтогон партиялар өтөөрүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добуштары ошол тосмого жетпей атканын айтып чыкты. Учурда БШК негизги тизме боюнча жыйынтыктарды жарыялаганы менен кошумча тизмеден кийинки акыркы жыйынтыгын чыгара элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG