Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Адвокаттар митингге чогулушат


Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттары өздөрүнүн коопсуздугун талап кылып, Бишкектеги Жогорку Соттун алдында митинг өткөрүшмөкчү. Акция бейшембиге болжолдонууда. Буга чейин Ош, Жалал-Абат жана Баткен облустарынын адвокаттар бирикмесинин 161 мүчөсү кол койгон кайрылуусу мамлекет башчысы Роза Отунбаевага, Жогорку Сотко, бардык күч кызматтарына жолдонгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч биринен жооп болгон жок деп билдирди “Азаттыкка” аталган бирикменин мүчөсү Динара Турдуматова.

Июнь окуясы боюнча сот жараяндарында жабырлануучулар тарабынан айыпталуучулар менен кошо алардын адвокаттарына да күч колдонулуп жатканы айтылып келет. Акыркы маалымат: 13-14-октябрда Ошто сот жараяны учурунда 5 адвокат, 3 соттолуучу жана айдоочу катуу сабалып, ооруканага түшкөн.

Буга бир катар эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, ошондой эле АКШ элчилиги тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигинен соттолуучулар менен адвокаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылууда. Жергиликтүү күч органдары болсо сот жараяндары күч кызматтарынын күчөтүлгөн көзөмөлү алдында өткөрүлүп жатканын билдирип келет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG