Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Кара-Суудагы киши өлтүрүү окуясы боюнча сот уланат


13-июнда Кара-Суу районунун Нариман айлында райондук милиция башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди өлтүргөн деп айыпталып жаткандардын ишин Кара-Суу райондук соту кароодо. Сот жараяны Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде өтүп жатат. Бул иш боюнча он киши айыпталууда.

Аталган соттук териштирүү 29-сентябрда башталган. Бул күнү танапис учурунда жабырлануучулар жана алардын жакындары соттолуучулар менен алардын адвокаттарын сабап салышканы кабарланган. 30-сентябрь күнү уланган сот ушундай эле себептен үзгүлтүккө учурап, бүгүнкүгө жылдырылган. Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаев 13-июнь күнү Нариман айылына эки улутту элдештирүү максатында барган учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Милиция башчысы автоунаанын жүксалгычында тирүүлөй өрттөлгөн, ал эми айдоочусунун башы жок денеси табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG