Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Франция, Орусия жана Германиянын лидерлеринин саммити уланууда


Франциянын Довиль шаарында кечээ ачылган саммитте негизги көңүл Европадагы коопсуздук маселесине арналаары айтылууда. Немис канцлери Ангела Меркель, орус президенти Дмитрий Медведев жана француз мамлекет башчысы Николя Саркози НАТОнун башчылыгындагы ракетадан коргонуу системасы тууралуу сүйлөшмөкчү. Орус дипломаттары буга чейин ушул саммитте Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы визасыз каттам тууралуу да сөз козголот дешкен.

XS
SM
MD
LG