Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Монголия парламентаризм жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр


Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси Жээнбек Кулубаев Монголиянын президенти Элбегдорж Цахиагийнуга ишеним грамотасын тапшыруу учурунда сөз болгонун бүгүн кыргыз прзидентинин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуу маалында Монголия президенти Кыргызстандагы окуяларга сереп салып турганын, 10-октябрдагы парламенттик шайлоо ийгиликтүү өткөнүн, Монголиянын парламентаризмди өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы бар экенин жана алар Кыргызстан менен тажрыйба бөлүшүүгө даярдыгын билдирди. Өз кезегинде кыргыз элчиси да Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маалымат берди.(IJz)

XS
SM
MD
LG