Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


20-октябрга карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүзү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17 даража жылуу болот, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17, Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18, Нарын облусунда түнкүсүн 0… 5, күндүз 13…18 даража жылуу болоору күтүлүүдө. Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7 даража муздак, күндүз -1... +4 даража жылуу.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 14…16 даража жылуу болот.

Ошондой эле акыркы күндөрү уланган жылуу аба ырайынан кийин 20-22-октябрда Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт. Өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолордо кар түшөт, кээ бир райондордо жаан-чачын мол жаайт. 21-октябрда жааган жаан карга айланат. Зымдарга жана бактарга муз тоңуп, суу кар жармашат. 21-22-октябрда абанын температурасы төмөндөйт. Түнкүсүн 0…-5 даражага жеткен үшүк жүрөт, күндүз 2…7 даража жылуу болот.

Мындай аба ырайы күздүк эгинди себүүдөгү талаа иштерин бир нече күнгө токтотуп, транспорт, энергетика, байланыш жана коммуналдык жумуштарга кыйынчылык алып келет. Үшүк жүрүшү жыйналбаган мөмө жана жашылча жемиштерге коркунуч алып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG