Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

“Бүтүн Кыргызстандын” митинги таркады


Жогорку Кеңештин маңдайындагы эски аянтта митингге чыгышкан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери таркашты. “Азаттыктын” кабарчылары окуя болгон жерден билдиришкендей, алардын митингисине миңге чукул адам катышты.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы алардын парламентке келүүсүнө тоскоолдуктар болуп атканын айтып, үч күндөн бери митинг-пикеттерди уюштуруп келатышат. Бул партия 145 миңден ашуун добуш топтоп, негизги тизме боюнча көрсөтүлгөн беш пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кошумча тизме чыккандан кийин беш пайыздык чек автоматтык түрдө 150 миңге чыгып, партиянын нааразылыгын жараткан. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG