Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Ошто эми адвокаттар митингге чыгышат


Түштүктөгү кайгылуу окуялар боюнча соттолуп жаткандардын жактоочулары өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну бийликтен талап кылып, митингге чыккан жатышат.

Адвокаттар буга чейин ушул эле маселе менен президент Роза Отунбаевага, Жогорку Сот жана Башкы прокуратура жетекчилигине кайрылып, бирок алгылыктуу аракеттер болбогонун белгилеп жатышат. Ал арада арызданган адвокаттардын абалы менен жеринен таанышуу үчүн бүгүн өкмөттүк топ түштүккө жөнөп кетти.

Жактоочулар ур-токмокко алынууда


Июндагы тополоңдо Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султановдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө шектелгендердин соту.
Назгүл Сүйүнбаева
июнь айындагы Оштогу коогалаңда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар делип айыпталып жаткан Надыр Салиев менен Инатулло Талиповдун жактоочусу. Өзүнүнүн айтымында, 14-октябрда Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө өткөн сот жараяны учурунда жаңжалда каза болгондордун жакындары ага кол көтөрүшкөн.

Назгүл Сүйүнбаеванын пикиринде, сотко катышкан аскерлер да, күзөттөгү коштоочулар да мындай шартта эч бир чара көрө албай калышууда. Ошол себептүү айрым адвокаттар өз коопсуздугун коргоп берүүнү бийликтен талап кылып бейшемби күнү Ош шаарында митингге чыгышмай болушту.

- Соттордо болуп аткан окуялар бизге коркунучтуу болуп жатат. Бизге жабырлануучу тарап күч колдонуп жатат,-деди Назгүл Сүйүнбаева. - Андай учурда залдагы аскер кызматкерлери эч чара көрө албай, биз тескерисинче токмок жеп, жабырлануучу болуп атабыз. Бул факт боюнча эч кандай чара көрүлбөй, адвокаттар коргоосуз калып жатышат. Негизги себеп эле адвокаттар кыргыз болуп туруп өзбектерди коргоп атат деп жатышат же алар биздин ишти түшүнгүсү келбей жатышат. Коргоодо улутуна, жынысына, жашына карабайт да.

Адвокаттар июнь окуясы боюнча өтүп жаткан сот жаряндары күчөтүлгөн режимде иштеш керектигин белгилешүүдө. Алардын пикиринде сотту башка аймакка которуу маселени чечпейт. Алар жөнөкөй аскер кызматкери же жоокер эмес, ушул кырдаалды жакшы түшүнгөн жана мыкты даярдыктагы адамдар керек экенин айтышууда.

Укук коргоочулар адвокаттарга тилектеш

Адвокаттардын мындай талаптарына Бишкектеги айрым укук коргоочулар да тилектештигин билдирүүдө. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, укук коргоочулар ошол күнү Башкы прокуратуранын алдында акцияга чыгууну пландоодо:

- Негизинен мыйзамудулук болсун, ар бир жаран үчүн адвокат болобу, жабырлануучу болобу же соттолуучу болобу, алардын коопсуздугу жана адам укугу сакталсын деген чакырыктын алкагында болот. Жарандардын адвокаттык коргоого болгон укугунун сакталышы, ошонун арыт менен акыйкат сот процесстеринин болушун талап кылып жатабыз. Мисалы сот залына арматуралардын кирип калышы, анан мен коопсуздукту мамлекет сактап атат деп кантип айта алам.

Ушундай жагдайларга бир катар эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, ошондой эле АКШ элчилиги тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигинен соттолуучулар менен адвокаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылууда.

Акыйткатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова да ар кандай кыйноолор болуп атат деген арыздар түшкөн менен жерине барганда алар далилденбегенин айтат. Анын пикиринде, айрым ушундай маалыматты таратып жаткандар өлкөдөгү тынч жашоону каалабаган, чагымчыл күчтөрдүн сөзүнө ишенип, же ошондой сөздөрдү чыгарууга кызыктар деген оюн билдирди:

- Бизде андай фактылар жок. Жалал-Абадда ошол июндагы коогалаң күндөрү тирүүлөй өрттөнүп кеткен, унаанын баллонуна байлап тирүүлөй өрттөп жиберген фактылар бар. Ошого туугандары "өлтүрсөң да, денесин жөн койбойсуңбу" деп, урганга аракет кылып, сотто кыжыры кайнап, ыйлап талап койгон учурлар бар. Бирок аларга укук коргоо органдары катуу көзөмөмөл кылып турат. Эки тарапка тең эч кандай зордук-зомбулукка жол бербейт.

Кырдаал жеринде иликтенет

Азимбек Бекназаров
Ал ортодо арызданган адвокаттардын абалы менен жеринен таанышып келүү үчүн Азимбек Бекназаров башында турган өкмөттүк атайын топ бүгүн түштүккө жөнөп кетти. Топтун курамына Жогорку Соттун судьялары да кирген. Алар кырдаалдын чоо-жайы менен таанышкан соң тиешелүү чара көрмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган Жогорку соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады:

- Азыр адвокаттарды жактоочулар уруп кетип атат деп айтып жатпайбы. Негизинен андай эмес. Мунун баары соттук жараянда болгон окуя эмес, көпчүлүгү сырттан уруп кетип атат. Адвокаттар арызданган нерселердин бардыгын жеринен териштириш үчүн атайын топ Ошко учуп кетти.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов мындай жагдайды сотту башка облус же районго жылдыруу менен чечсе болорун белгилеген. Анын пикиринде кыйчалыш кырдаалда сот жараянындагы коопсуздукту камсыз кыла турган атайын кызмат түзүү зарылдыгын айткан.

Июнь окуясы боюнча сот жараяндарында жабырлануучулар тарабынан айыпталуучулар менен кошо алардын адвокаттарына да күч колдонулуп жатканы айтылып келет. Акыркы маалымат боюнча, 13-14-октябрда Ошто сот жараяны учурунда беш адвокат, үч соттолуучу жана айдоочу катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жалал-Абад облусунда өткөн сот учурунда да жактоочулардын дарегине катуу сөздөр айтылып, коркуткан учурлар кездешкен.

XS
SM
MD
LG