Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Түрк лидери германиялык саясатчыларды жардамдашууга чакырды


Түркия президенти Абдулла Гүл германиялык саясатчыларды иммиграция маселесин саясый упай топтоо үчүн куткулоону коюп, түркиялыктарга интеграцияланууга жардам берүүгө чакырды. Абдулла Гүл мындай билдирүүнү Анкарада Германия президенти Христиан Вульф менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында жасады. Президент Вульф бул күндөрү Түркияда беш күндүк иш сапары менен жүрөт.

Германия канцлери Ангела Меркель өткөн аптада көп маданияттуу коом түзүү аракети өлкөдө ишке ашпаганын, буга келгиндердин немис тилин жана маданиятын үйрөнбөгөнү тоскоол болгонун билдирген. Мусулмандардын интеграцияланышы боюнча талкуу быйыл августта Германиянын Борбордук банкынын ал кездеги төрагасы Тило Сразин Германия билимсиз мусулман мигранттарды кабыл ала берип, “кеңкелес” болуп баратат дегенден кийин башталган.

XS
SM
MD
LG