Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Чеченстандын парламентине кеминде үч согушчан чабуул жасады


Грозныйга шашылыш учуп келген Россиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев: "Эртең мененки 8:45те согушчандар парламентке кирүүгө аракет кылышты. Мурда болуп жүргөндөй эле алардын максаты ишке ашпады. Аларды полиция токтотту. Согушчандар жок кылынды”, -деп билдирди. Ал чабуулга карабай, Чеченстанда кырдаалды “тынч жана кооптуу” деп мүнөздөдү.

Россиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, бир жанкечти парламенттин жанында өзүн жардырып жиберген. Аткылашууда эки куралчан жок кылынганы, 2 полициячы жана 1 кызматчы окко учуп, 18 адам жарадар болгону маалымдалды.

Чечен президенти Рамазан Кадыровдун сөзүнчө, бардык куралчандар 20 мүнөттүк аткылашууда жок кылынган жана депутаттар имараттан аман-эсен эвакуацияланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG