Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Коогалаңда тамынан ажыраган 20 үй-бүлө жаңы конушка кирет


Алар жаңы конушка бүгүн көчөөрүн “Азаттыкка” Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү агенттигинин маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, ноябрдын соңуна чейин там-ташы талкаланган бардык жарандар үй менен камсыз болот. Кечээ Жалал-Абадда бир канча үй-бүлө турак-жай менен камсыз болду. Ушул тапта эки облуста тең турак-жайларды куруу иштери уланууда. Июндагы коогалаң маалында Ош менен Жалал-Абадда эки миңден ашуун турак-жайлар талкаланып, алардын 80 пайызга жакыны таптакыр жараксыз деп табылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG