Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Бишкекте "Ата Журт" партиясына каршы митинг уланып жатат


Нааразылык иш-чарасын уюштуруучулардын бири Турат Сагындыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча акциянын талаптары өзгөргөн жок. Ушул тапта Өкмөт үйүнүн алдына "Ата Журт" партиясынын парламентке келишине каршы болгон адамдар чогулууда.
10-октябрдагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу, “Ата Журт” партиясын парламентке жолотпоо талабы менен 7-апрелде жакындары окко учкан адамдар, “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо”, “7-апрель” кыймылдары 13-октябрда мөөнөтсүз акция башташкан. Алар “Ата Журт” партиясынын курамында мурдагы президент К. Бакиевдин бийлигин түптөөгө салым кошкон адамдар көптүк кылат деп эсептешет.

Ал арада Талас шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдында да 200гө жакын киши чогулуп, шайлоодо 5 пайыздык босогодон өткөн “Ата Журт” партиясына каршы нааразылыгын билдиришти. Чогулгандар “Ата Журт” партиясы парламентке келсе президентти да кызматтан кетирүү аракети жасаларын белгилешти. Жергиликтүү бийлик өкүлү Койсун Курманалиева шайлоодо административдик ресурс колдонулбаганын, алдыга озуп чыккан партияларды эл шайлаганын айтып, мыйзамдын чегинде иш алып баруу керектигин белгиледи.

10-октябрдагы шайлоо калыс, акыйкат, одоно мыйзам бузууларсыз өткөнүн жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар билдиришкен. (ZKo/UA)

XS
SM
MD
LG