Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Шайлоо протоколдорунда айырмачылыктар чыгууда


Шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жазылган протоколдордун көчүрмөсү менен түп нускасындагы маалыматтар эки башка чыгып жаткандыгын БШКнын төрагасы Акылбек Сариев бүгүнкү жыйында билдирди. Анын айтуусунда бүгүн 2 миңден ашуун протоколдун түп нускасы салынган сейфтер жалпы комиссиянын алдында ачылып, текшерилет. Аягына чейин эсептеп, салыштырып чыкмайынча бир маалымат берүү мүмкүн эмес экенин билдирген төрага “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системанын маалыматтары юридикалык күчкө ээ эместигин эскертти. Акылбек Сариевдин билдиргени боюнча чет мамлекеттердеги 8 добуш берүү түйүнүнөн протоколдордун түп нускасы келе элек.

“Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системанын маалыматы боюнча беш партия: “Ата Журт”, Социал-демократиялык партия, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары шайлоочулардын 5% добушуна ээ болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG