Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Июнь окуясын иликтөөчү Улуттук комиссиянын иши эки айга узарды


Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин бүгүнкү жыйында билдиргени боюнча буга ыйык Орозо айына жана парламенттик шайлоолорго байланыштуу иш жүрбөгөнү себеп болгон. Июнь окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн Улуттук комиссия өз ишинин жыйынтыгын декабрь айында жарыяламакчы.

Июнь окуясынын келип чыгышын жана кесепеттерин иликтөө үчүн түзүлгөн Улуттук комиссия алгачкы иликтөө иштеринин натыйжасында кандуу калаба айрым жергиликтүү лидерлер жасаган чагымдан улам башталганын билдирген.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абат облустарында болуп өткөн кандуу окуяны териштирүү үчүн Скандинавия өлкөлөрүнүн демилгеси менен Эл аралык комиссия да түзүлүп, аз күн мурун ишин баштады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG