Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Ооганстанда бир жарым миллионго жакын добуш жараксыз болду


Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы өткөн айдагы парламенттик шайлоодо берилген 1,3 миллионго жакын добуштарды жараксыз деп тапты. Бул жалпы добуштардын 20 процентин түзөт. Комиссия ал бюллетендер бурмаланган деп билдирди. Парламенттик шайлоо Ооганстанда 18-сентябрда өткөн. Комиссияга төрт миңден ашуун арыз-даттануулар түшкөн. Аларды карап чыгып соңку санактарды чыгарууга бир нече апта кетиши мүмкүн. Парламенттин төмөнкү палатасындагы 249 орун үчүн эки жарым миңден ашык талапкер ат салышкан.

XS
SM
MD
LG