Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Баткенде чек арадагы жаңжалдар өткөн жылга караганда көбөйдү


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат жыйынында айтылды. Баткен облусунун Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында 9 ай ичинде жалпысынан 31 чыр чатак катталган. Анын жыйырма экиси Өзбекстан, ал эми тогузу Тажикстан менен кесилишкен аймактарда болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде чектеш аймактарда 22 жаңжал катталган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мусурманбек Турсуматовдун айтымында, тирешүүлөрдү өз убагында көзөмөлгө алуу максатында чек арадагы чыр көп катталган Таштумшук айылында милициянын таяныч бөлүмү ачылды, жакында ушундай айылда дагы бир бөлүм ачуу үчүн сунуштар берилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG