Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Иран 30 килограммдай уран байытканын билдирди


Өлкө 20% чейинки байытылган урандын 30 килограммына ээ болгонун кечээ Ирандын атом энергетиясы боюнча мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи кабарлады. Чийки уранды башка мамлекеттерде байытуу боюнча талаштарда мунаса табылбагандан соң, быйыл февралда президент Махмуд Ахмединежад уранды өздөрүндө байытууга буйрук берген. Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бул үчүн Иранга каршы санкция киргизген. Иран байытылган уранды жайчылык максатта энергия алыш үчүн колдонорун айтып жатат. Бирок аны атомдук бомба жасаш үчүн да пайдаланганга болот. Ошондуктан буга дүйнөлүк коомчулук камтамачылык билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG