Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Бүгүн "Санпа" окуясы боюнча сот уланат


Ноокен райондук сотунун имаратында өтүп аткан Сузак райондук сотунун көчмө жыйыны бүгүн улантылат. Буга чейинки соттук териштирүүдө судья 44 жабырлануучунун оноонун гана көрсөтмөсүн угууга жетишкен.

Сот жараяны 12-13-июндагы Сузак районундагы “Санпа” пахта тазалоочу заводунун айланасындагы окуялар, андагы мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактылары боюнча жүрүүдө. Башаламандыктар учурунда “Санпада” 16 адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, экөө дайынсыз жоголгон болчу. Бүгүн сот имаратынын алдына чогулган туугандарынан айрылгандар менен облус прокурору Каныбек Турдумамбетов жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG