Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Адвокаттардын укугун коргоо боюнча пикет болуп жатат


Ушул тапта Башкы прокуратуранын алдында июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттарын жактаган акция өтүп жатат. Иш-чараны “Жарандар коррупцияга каршы”, “Кылым шамы”, “Азаттык үнү”, “Прецендент”, “Позиция” жана “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы уюштурууда. “Адвокат – адилет териштирүүнүн кепили”, “Коргоо – ар бир жарандын укугу”, “Адвокаттарга кепилдик – коргоону камсыздоо”, “Коргоочуларга – коргоо”, “Жарандарды коргоо – мамлекеттин милдети” деген жазуулар бар плакаттарды кармаган укук коргоочулар менен Баш прокурордун орун басары Сумар Насиза чыгып жолугушту. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча укук коргоочулар Башкы прокурор менен да жолугууну көздөп турушат.

Белгилүү болгондой июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жактоочуларына жабырлануучулар жана алардын туугандары тарабынан сот жараяндары учурунда күч колдонулган. 13-14-октябрда Ош шаарында өткөн соттук териштирүүдө беш адвокат, бир айдоочу жана үч айыпталуучу катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Мындай окуяларга Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар менен катар эл аралык уюмдар, АКШ элчилиги тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигинен чара көрүүнү талап кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG