Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Адвокаттардын Оштогу митинги болбойт


Бүгүнкү күнгө белгиленген адвокаттардын укугун коргоо боюнча болуучу иш-чараны уюштуруудан жактоочулар өздөрү баш тартышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жактоочулардын бири Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын айтуусунда бир нече жолку кайрылуулар, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын кийлигишүүсүнөн кийин президенттин өкүлдөрү жана вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров адвокаттар менен жолугушуп, июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жана алардын жактоочуларынын коопсуздугун күчөтүү боюнча чаралар көрүлдү. “Акыркы эки-үч күндөн бери өтүп жаткан сот жараяндары катуу күчөтүлгөн көзөмөл алдында тынч өтүп жатат, ошондуктан биз талаптарыбыз аткарылып жатканына байланыштуу митингди уюштурбоону чечтик” дейт Назгүл Сүйүнбаева.
Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жана алардын жактоочуларынын коопсуздугун камсыздоо талабы менен адвокаттар буга чейин президентке, Башкы прокуратурага жана Жогорку Сотко кайрылышкан. Бир нече убакыт бою кайрылууга жооп аракеттер болбогонуна нааразыланып, алар 21-октябрда Ош шаарындагы борбордук аянтка митингге чыгарын билдиришкен эле. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG