Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Жалал-Абадда "Санпадагы" киши өлтүрүү боюнча сот уланды


13-июнда Сузактагы "Санпа" пахта иштетүүчү заводунун жанында болгон киши өлтүрүү окуясы боюнча сот жараяны ушул тапта Ноокенде өтүп жатат. Соттук териштирүүнү Сузак райондук соту жүргүзүүдө. Сот башталар алдында облустук соттун төрагасы Рысбек Шүкүралиев жабырлануучулар менен алардын туугандарынан сабырдуу болууну өтүнүп, сот процессин үзгүлтүккө учуратпоону суранды. Сотко катышып жаткан биздин кабарчыбыз маалымдаганы боюнча сот тынч өтүп жатат.

13-июнда Бишкек-Ош жолунун боюнда, пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанына 500-1000 чамалуу киши чогулуп, жолдон каттаган унааларга ок чыгарып, кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгы бул күнү 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгонун, 9 унаа өрттөлгөнүн маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG