Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Улуттук конгресс добуштарды кайра саноону талап кылууда


10-октябрдагы парламенттик шайлоодо аз добуш алып калган партиялар түзгөн Улуттук конгресс добуштарды эсептөөдө мыйзамсыздыктар болду деп эсептешет. Борбордук шайлоо комиссиясында добуш берүүнүн протоколдорун салыштырып текшерүү учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар ачыкка чыгып жатат, ошондуктан, БШК ар бир бюллетенди кайра текшерип, санап чыгууга тийиш деп айтылат конгресс тараткан билдирүүдө. Улуттук конгресстин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” ырасташынча, добуш берүү протоколдорун салыштырып текшерүүдө бир эле Бишкек шаарынан 50% шайлоо участогунун протоколу мыйзамсыз толтурулганы, ушундай эле мүнөздө Чүй, Ош, Баткен жана башка облустардан протоколдор жөнөтүлгөнү аныкталган.

БШК парламенттик шайлоодогу добуш берүү протоколдорунун түп нускаларын көчүрмөлөрү менен салыштырып текшерүүгө кечээ киришкен. Процесске катышып жаткан айрым саясий партия өкүлдөрү бир катар шайлоо участокторунан келген протоколдор туура толтурулбаганын, түп нускадагы маалыматтар менен көчүрмөдөгү маалыматтарда айырмачылыктар чыгып жатканын айтышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG